КОЙ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени жайына, белгилүү бир жерге орнотуу, жайгаштыруу. Жерге кой. Столго кой. Телефон кой. Түргөн чийдей кылып, бирине бирин тегиз койгон жууркандар бир топ (Сыдыкбеков). Дасторконго коё салып бозосун, Жапкан нанды жай сындырып жеп койду (Токомбаев). 2. Бирөөнү тыюу, токтотуу маанисинде колдонулат. Оюнду кой. Тамашаңды кой. О Кой, балам, андай кылба! («Ала-Тоо»). 3. Уруу, чабуу, муштоо. Бир кой. Бизди көрүнгөн неме таш менен тоголото коюп отурса, деги кимибиз калабыз (Абдукаримов). 4. Уруксат кылуу, эрк берүү. Сага ырдаганды ким койду экен! Оюнду сага ким койду! 5. Көпчүлүккө арналган сахналык чыгарманы, концертти, кинофильмди ж. б. элге көрсөтүү, демонстрациялоо. Спектакль койду. Оюн койду. Окуучулар кеңири программада концерт коюп беришти («Агым»). 6. Радио, приемник, телевизор ж. б. аппаратты сүйлөө же бир нерсе көрсөтүү абалына келтирүү, иштетүү. Радиону коюп, концерт угуп жаткан элек («Ала-Тоо»). Телевизорду коюп койчу, эмнелер жөнүндө берип жатканын көрөлүк («Ала-Тоо»). 7. Ишке дайындоо, тургузуу. Кызматка кой. Сокурдан сакчы койсоң, элиңди жоого чаптырасың (макал). 8. Өлгөн адамды көмүү. Биздин ата-бабалар, туугандар каза болгондорду ушул бейитке коюп келишкен экен. Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо, Ашыр да катышты (Сасыкбаев). 9. Киргизүү, сунуш кылуу, талкууга салуу. Добушка койду. Маселе койду. Көпчүлүктүн кароосуна койду. 10. Чыгаруу, пайда кылуу. Кандайдыр бир шамдагай жигит тамдын башына чыга калып, бедеге от коюп жиберди (Абдукаримов). Токойго өрт коюп, мамлекеттик мүлккө зыян келтирбегиле («Ала-Тоо»). 11. Көмөкчү этиш катарында колдонулуп, капысынан болгонду, күчөтүүнү, өтүнүүнү ж. б. маанилерди билдирет. Көрө койду. Биле койду. Сезе койду. Бере кой. Иче кой. Ала кой.